Буйрутма

Тойго онлайн-чакыруу

Тоюңузга кооз чакыруу — бир шилтемеде

Конок шилтемени ачканда конверт ачылат: сүрөттөр, күнү, картасы жана тойго чейинки таймер. Бир баскыч менен келерин белгилейт, а сиз ким келерин тизме менен көрөсүз.

  • Тиркеме орнотуунун кереги жок
  • iPhone жана Android'де ачылат
  • WhatsApp'та сүрөтү менен превью

Басып көрүңүз — бул чыныгы чакыруу

Үлгүлөр

Төрт үлгү — ар биринин өз маанайы бар

Ар бирин ачып, конвертти басып, жооп берип көрүңүз — баары иштейт.

Түсүн, сүрөттөрүн, текстин жана ырын өзүңүзгө ылайыктап беребиз.

Мүмкүнчүлүктөр

Чакырууда эмнелер бар

Ачылуучу конверт

Конок «АЧУУ» баскычын басканда конверт ачылып, гүл барактары түшөт.

Өзүңүздүн ырыңыз

Сиз тандаган ыр чакыруу ачылганда ойнойт.

Тойго чейинки таймер

Тойго канча күн, саат, мүнөт калганын конок көрүп турат.

Календарь

Тойдун күнү календарда жүрөкчө менен белгиленет.

2ГИС картасы

Бир басуу менен тойкананын дареги 2ГИСте ачылат.

Келерин белгилөө

Конок атын жазып, «барам», «жубайым менен барам» же «келе албайм» деп тандайт.

Каалоо-тилектер

Коноктор жаштарга каалоо-тилектерин жазып калтырышат.

Той ээлеринин баракчасы

Ким келет, канча киши — тизме, издөө жана Excel'ге жүктөө.

Той ээлери үчүн

Ким келерин так билесиз

Той ээлерине өзүнчө шилтеме берилет — аны коноктор көрбөйт.

  • Канча киши келери дароо эсептелет: жубайы менен келсе — эки киши.
  • Ким жооп берди, ким келе албайт — тизме жана аты боюнча издөө.
  • Тизмени Excel'ге жүктөп, дасторконду эсептөө оңой.
Мисалды ачуу
Той ээлеринин баракчасы: канча киши келет, коноктордун тизмеси

Кантип

Кантип буйрутма берсе болот

  1. Үлгү тандаңыз

    Жогорудагы төрт үлгүнүн бирин тандаңыз.

  2. Маалымат жибериңиз

    Аттарды, күнүн, саатын, дарегин, сүрөттөрдү жана ырды WhatsApp аркылуу жибериңиз.

  3. Шилтемени алыңыз

    Даяр чакырууну текшерип, тууган-туушкандарга жөнөтөсүз.

Баасы

Канча турат?

Баасын WhatsApp аркылуу айтып беребиз.

Баасын билүү

Суроолор

Көп берилүүчү суроолор

Конокторго тиркеме керекпи?

Жок. Шилтеме телефондун браузеринде ачылат: iPhone, Android же компьютер.

Эмне үчүн музыка дароо ойнобойт?

Телефондор конок баскычты баспай туруп үн чыгарууга уруксат беришпейт. Ошондуктан ыр «АЧУУ» басылганда башталат.

Конок жообун өзгөртө алабы?

Ооба. Ошол эле телефондон кайра жооп берсе, мурунку жообу жаңыланат.

Чакырууну кантип жөнөтөм?

Шилтемени WhatsApp, Telegram же Instagram аркылуу жөнөтөсүз. WhatsApp'та ал сүрөтү менен кооз превью болуп чыгат.

Тоюңузга чакыруу жасап берели

WhatsApp'ка жазыңыз — үлгү тандоого жардам беребиз.

WhatsApp аркылуу жазуу